«23- сентябрь -Мамлекттик тил күнүнүн 35 жылдыгына»
Бүгүн Бишкек шаарындагы 4-мектеп гимназиясында » 23- сентябрь -Мамлекттик тил күнүнүн 35 жылдыгына» арналган Эне тилим — эне сүтүм » аттуу иш — чара болуп өттү . Иш-чарада мектеп директору Шонкоева Г.Т жалпы меймандарды «Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгы» менен куттуктап,ийгилик каалад.Кийинки сөз мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Оболбекова Н.Д га берилип мыкты каалоо тилектер айтылды.Иш — чарага мамлекеттик тил мугалимдери окуучулар менен кызуу даярданышканы көрүнүп турду.Программада :»Манас» эпосунан үзүндү, көркөм окуу,макал — ылакаптар,учкул сөздөр,комуз күүсү,жан эргиткен ырлар ж.б.болду.Иш — чараны көркүнө чыгара алып барган алып баруучулар 10-Б классынын окуучулары коңур үндүү Жээнбеков Абзал жана Батырбекова Нурзаттар болду.Жыйынтыктоочу сөз 4- мектеп гимназиясынын ардактуу,сыйлуу мугалими,Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим Төрөбаева Т.И га берилип мыкты сөздөр айтылды.
Комментарии