2026-жылдын 13-февралында мектебибизде Кытай Жаңы жылына арналган жаркын жана эсте каларлык иш-чара болуп өттү. Майрамдык маанайды өзгөчө жараткан №4 мектепке келген Конфуций институтунун ардактуу коноктору болду. Иш-чаранын программасы мазмундуу жана ар түрдүү болду. Мектептин окуучулары эки элдин маданиятын чагылдырган кооз улуттук бийлерди жана жүрөккө жеткен ырларды аткарып, өздөрүнүн таланттарын жана…
24-октябрда №4 жалпы билим берүү мектебинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 80 жылдыгына карата класстык сааттар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар БУУнун тарыхы, анын негизги максаттары жана анын дүйнөдө тынчтыкты сактоо, адам укуктарын коргоо, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери менен таанышты. Кыргызстан БУУнун мүчөсү болуп 1992-жылдын 2-мартында, көз карандысыздыкка ээ…
15-октябрда биздин мектепте маанилүү иш-чара — мектеп аймагын жашылдандыруу өттү. Иш-чарага ардактуу коноктор — Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департманетинин директору Мусаева Рахат Ишенбековна, Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын башчысы Амангелдиев Медер Амангелдиевич, орун басары Арстамбекова Айнура Джанышевна, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыжапарова Жыргал Кадырбековна, ошондой…