2024- жылдын 28- мартында Свердлов районундагы #4 гуманитардык-укуктук багытындагы мектеп-гимназиясында шаардык кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн жаш адистер семинары болуп өттү. Семинарга жалпы 100го жакын, анын ичинен Свердлов районунан 28 жаш адис катышты.Аны Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Ниязбекова Элмира Керимовна жетектеп алып барды. Квалификацияны жогорулатуу семинарда кыргыз филология илимдеринин доктору жана педагогика илимдеринин кандидаты Култаева Үмүт Баймуратовна «Кыргыз адабиятын окутуу методикасы: инновация жана салттуулук» аталышындагы мастер-класс сабак өттү . Жаш адистерге абдан кызыктуу жана керектүү сабак болду. Аягында катышуучуларга «Кыргыз адабиятын окутуу методикасы: инновация жана салттуулук» аталышындагы китептер таратылып берилди.
Комментарии