9-сентябрь — Комуз күнү
9-сентябрь күнү мектебибизде Комуз күнү белгиленди. Бул иш-чаранын максаты – улуттук аспабыбыз комузду даңазалоо жана окуучуларыбызга кыргыз маданиятынын баалуулуктарын таанытуу болду.
Иш-чаранын алкагында окуучуларыбызга комуздун тарыхы жана анын эл турмушундагы мааниси жɵнүндɵ маалымат берилди, улуттук күүлɵр таанытылды. Ал эми комузчуларыбыз күндүн жүрүшүндɵ комуз чертип, элдик обондорду аткарып беришти.
Комментарии