“Ата мурасы-келечек муун азыгы!”
16-ноябрь күнү Бишкек шаарында №4 мектеп-гимназиясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата “Ата мурасы-келечек муун азыгы!” аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил мугалими Асанбекова Аида Асанбековна жетектеп, алып барды. Ошондой эле мектеп директору Шонкоева Г.Т, мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Оболбекова Н.Д баштаган бир катар мугалимдер жана мектеп окуучулары катышышты. Иш-чарада мектеп окуучулары тарабынан даярдалган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө катышкан аталардын эмгектери сценка түрүндө көрсөтүлүп, атайын даярдалган концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын соңунда мектеп-директору Шонкоева Г.Т сөз сүйлөп, жалпы окуучуларды аталардын эмгегин унутпоого, эли-жерин сүйүүгө чакырды.
19:50
Поделиться
Комментарии