Бириккен Улуттар Уюмунун 80 жылдыгы
24-октябрда №4 жалпы билим берүү мектебинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 80 жылдыгына карата класстык сааттар өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар БУУнун тарыхы, анын негизги максаттары жана анын дүйнөдө тынчтыкты сактоо, адам укуктарын коргоо, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери менен таанышты.
Кыргызстан БУУнун мүчөсү болуп 1992-жылдын 2-мартында, көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин кирген. Ошондон бери өлкөбүз БУУнун ар түрдүү түзүмдөрү менен тыгыз кызматташып, экология, билим берүү, адам укуктары жана аймактык өнүгүү тармактарында биргелешкен программаларды ишке ашырып келет.
Бул иш-чаралар окуучулардын жарандык жоопкерчилигин калыптандырууга, эл аралык баалуулуктарга урмат менен мамиле кылууга жана элдер арасындагы кызматташтыктын маанисин түшүнүүгө өбөлгө түзөт.
Комментарии