Кылымга аты дал келген, Кызыктуу оюн “Сармерден”.
21- февраль –Эне тил күнүнө карата гуманитардык укуктук багытындагы №4- мектеп-гимназиясында кыргыз тили мугалими Аида Асанбекованын жетекчилик алдында “Кыз-Жигит.Сармерден” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Мектептин жыйындар залында жогорку класстын таланттуу кыздары менен таланттуу жигиттери өнөр тартуулашты. Иш-чарага жогорку класстын окуучуларынан тарта, эже-агайларга чейин катышып, мектеп администрациясы калыстык кылышты.
Иш-чарада кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, биздин тарыхыбыз, тилибиз, маданиятыбыз, салт-санаабыз, нарк-насилибиз даңазаланып, улуттук оюндар ойнолду. Өнөр тартуулаган кыздар конокторду улуттук тамак-аш менен сыйлап, дасторкон адебин да көрсөтүштү.
Мектепте өткөн бул иш-чаранын негизги максаты-улуттун тилинде терең ой жүгүртүп сүйлөй алган,улут маданиятынын көрөңгөсүнө сугарылган мыкты инсандарды тарбиялап, патриоттук сезимин күчөтүп, таланттарына дем болуп дагы шыктандыруу болду. Иш-чара көңүлдүү өтүп, жагымдуу таасир калтырды.
Комментарии