Мамлекеттик «Алтын Казык» программасынын алкагында ноутбуктарды мугалимдерге тапшыруу
Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Алтын Казык» билим берүү процессин трансформациялоо мамлекеттик программасынын алкагында, биздин мектеп, өлкөнүн бардык окуу мектептери сыяктуу, окуу процессин колдоо жана жакшыртуу максатында мугалимдерге заманбап ноутбуктар берилди.
Бул программа билим берүүнү санариптештирүүгө, окуу жана методикалык ресурстарды колдонууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле заманбап технологияларды колдонуу менен педагогдордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ноутбуктар STEM предмети мугалимдерине жана англис тили мугалимдерине тапшырылды.
Мамлекеттик «Алтын Казык» программасынын алкагында мугалимдерге ноутбуктарды тапшыруу билим берүүнү модернизациялоого жана мектеп процессине санариптик технологияларды киргизүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.
Комментарии