Мамлекеттик тил күнү
1989-жылдын 23-сентябрында, «Кыргыз мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алынган. Ал мыйзам менен кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Кийинчерээк, бул күндү жыл сайын майрамдоо салтка айланып, кыргыз тилин өнүктүрүү, аны урматтоо жана жаш муунга үйрөтүү максатындагы иш-чаралар өткөрүлө баштаган.
Бул жылы дагы мектебибизде 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү өзгөчө белгиленди. Бул күн кыргыз тилинин ордун бекемдөөгө, аны сүйүүгө жана урматтоого арналган маанилүү майрам болуп саналат. Андыктан иш-чаранын негизги максаты – окуучулар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттыруу жана тил аркылуу улуттук баалулуктарды эске салуу болду.
Мамлекеттик тил мугалимдери тарабынан иш-чара жыйындар залында ɵткɵрүлдү. Окуучулар өз таланттарын көрсөтүп, кыргыз тилинде кɵркɵм ырларды окуп, ырдап, бийлеп, белгилүү чыгармалардын үзүндүлɵрүң дагы сахналаштырышты.
Бул күндүн жүрүшүндө кыргыз тилинин элди бириктирүүдөгү, маданиятты сактоодогу мааниси дагы бир жолу белгиленди. Мектеп жамааты бул иш-чара аркылуу кыргыз тилине болгон сүйүүнү жана сыймыкты бекемдеди.
Комментарии