«Манас жана Айтматов ааламы»
№4 мектеп- гимназиясында 5- декабрда Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Манас жана Айтматов ааламы» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада 4-8 класстын окуучулары Манастан үзүндү айтышты. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча 8-класстын окуучулары «Ак кеме» повестинен сахналаштырып үзүндү аткарып беришти.Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларынан 5-7- класстын окуучулары көркөм окушуп,учкул сөздөр жана монолог айтышты.Кече ыр,бийдин коштоосунда жыйынтыкталды.
Поделиться
Комментарии