Мектеп аймагын жашылдандыруу
15-октябрда биздин мектепте маанилүү иш-чара — мектеп аймагын жашылдандыруу өттү. Иш-чарага ардактуу коноктор — Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева Виктория Андреевна, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департманетинин директору Мусаева Рахат Ишенбековна, Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын башчысы Амангелдиев Медер Амангелдиевич, орун басары Арстамбекова Айнура Джанышевна, Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыжапарова Жыргал Кадырбековна, ошондой эле мктебибиздин директору Шонкоева Гулбарчын Темирбековна катышты.
Биргелешкен аракет менен мектебибиздин көркү жана сыймыгы боло турган жаш бак-дарактар отургузулду.
Мындан тышкары, бак-дарактарды багуу жана сугаруу жоопкерчилигин алган 7-8-класстын окуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Мындай иш-чаралар биздин мектептин аймагын кооздоп гана тим болбостон, балдарды жаратылышты сүйүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого тарбиялайт деген үмүттөбүз.
Комментарии