“Санжыралуу Ноорузум”
14-март күнү Бишкек шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында Нооруз майрамына арналган “Санжыралуу Ноорузум” аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мамлекеттик тил мугалимдери Элебесова И.К жана Шейшенова А.Ш жетектеп, алып барышты. Иш-чарада КР эмгек сиңирген мугалими Торобаева Т.И аластап, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анын ичинде комуз күүсү ойнолуп, “Манас” эпосунан үзүндү айтылып жана кыргыз элинин каада-салты болгон “Тушоо кесүү” ырымы көрсөтүлдү. Майрамдын соңунда мектеп директору Шонкоева Г.Т жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Оболбекова Н.Д куттуктоо сөздөрүн айтышып, окуучуларга ийгилик каалашты
Комментарии