«Жашыл шаар» долбоорунун алкагындагы ишембилик
Бишкек шаарынын билим берүү мекемелерин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында уюштурулган «Жашыл шаар» экологиялык долбоорунун алкагында №4 Жалпы билим берүү мектебинде 11-октябрда ишембилик өттү.
Аталган долбоор боюнча биздин мектептин куратору болуп Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Андреевна Мозгачева дайындалды, вице-мэр мектебибизге келип, иш-чарага жеке өзү катышты. Аны менен бирге ишембиликте Свердлов райондук Билим берүү башкармалыгынын директору Жыргал Кадырбековна жана №4 ЖББМ директору Гулбарчын Темирбековна болду. Ишембиликке жалпы мектеп жамааты жана окуучулар активдүү катышты.
Мектеп администрациясы ишембиликтин бардык катышуучуларына активдүү катышкандыгы, эмгеги жана мектебибиз менен шаарыбыздын тазалыгы жана кооздугу үчүн кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.
Комментарии