2024- жылдын 28- мартында Свердлов районундагы #4 гуманитардык-укуктук багытындагы мектеп-гимназиясында шаардык кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн жаш адистер семинары болуп өттү. Семинарга жалпы 100го жакын, анын ичинен Свердлов районунан 28 жаш адис катышты.Аны Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Ниязбекова Элмира Керимовна жетектеп алып барды. Квалификацияны жогорулатуу…
№4- гуманитардык-укуктук багытындагы мектеп-гимназиясында Нооруз майрамына карата "Кел, Ноорузум!" аттуу иш-чара болуп өттү. Кечеде улуттун улуу мурас каада-салттары, улуттук оюндары көрсөтүлүп, ыр-бийлер менен коштолуп, элдик оозеки чыгармачылык өнөрү тартууланды. Окуучулардан турган комузчулар, макалчылар, өнөр ышкыбоздорду таланттарын тартуулашып, майрамдык маанай белек кылышты. [video width="368" height="656" mp4="https://4.edubish.kg/wp-content/uploads/sites/12/2024/03/document_5458398881932921348.mp4"][/video] [video width="368" height="656" mp4="https://4.edubish.kg/wp-content/uploads/sites/12/2024/03/vid-20240318-wa0030.mp4"][/video]
№4 мектеп- гимназиясында 5- декабрда Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Манас жана Айтматов ааламы" аттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада 4-8 класстын окуучулары Манастан үзүндү айтышты. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча 8-класстын окуучулары "Ак кеме" повестинен сахналаштырып үзүндү аткарып беришти.Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларынан 5-7- класстын окуучулары көркөм окушуп,учкул сөздөр жана монолог айтышты.Кече ыр,бийдин коштоосунда…