«Биз коррупцияга каршы!» кереге кеӊеш
ГУБ №4 МГда 7-11-класстар арасында «Биз коррупцияга каршы» деген темада кереге кеӊеш болуп өттү.
Кереге кеӊеште катышуучулар талкууга ала турган актуалдуу суроолор:
– коррупцияга каршы аракеттер жөнүндө;
– жаштардын коррупцияга каршы ой жүгүртүү системасын өнүктүрүү.
Катышуучулар кереге кеӊештин коноктору үчүн “Коррупциянын өнүгүү тарыхы”, “Коррупциянын түрлөрү”, “КР коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясы”, “Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө коррупциянын жоктугунун беш себеби”, “Коррупцияга каршы уюмдар жана коррупцияга каршы күрөшүү ыкмалары”, “Коррупция жана анын КР экономикасына тийгизген таасири”, “Коррупцияны жоюу боюнча божомолдор жана сунуштар” сыяктуу темаларды камтыган толук программаны сунушташты. Маектешүүнүн жана талкуулоонун жүрүшүндө окуучулар коррупциялык жана башка укук бузуулардын алдын алуу маселелерин жана милдеттерин белгилешти.
Окуучулардын коррупцияга болгон мамилеси жана күрөшүү чаралары тууралуу социологиялык сурамжылоо жүргүзүлдү.
Кереге кеӊештин бардык катышуучулары жыйынтык чыгарып жатып, коррупция менен күрөшүүнүн натыйжалуулугуна коомдун бардык демократиялык институттарынын биргелешкен, системалуу иши аркылуу жетишүүгө боло тургандыгына көңүл бурушкандыгын белгилей кетүү маанилүү. Кызыгуу жараткан маектер, көйгөйлөр, сунуштар кереге кеӊештин катышуучуларынын сунуштарына өз таасирин тийгизди.
Мектепте коррупцияга каршы багытталган максаттуу иштер жүргүзүлүүдө. Өткөрүлгөн класстык сааттар, маектешүүлөр бул жааттагы билимди тереңдетүүгө жана конкреттештирүүгө мүмкүндүк берет.
Комментарии